Франциянын Канн шаарында бүгүн Чоң жыйырманын саммити уланат.
Бийик жолугушуунун алгачкы күнүндө Грециянын карызы жана ал өлкөдөгү саясий кризис талкууланган. Кытай, Орусия жана АКШнын жетекчилери Европа лидерлерин карыз кризисин тезирээк ооздуктоого үндөштү. Германия канцлери Ангела Меркел Грециянын еврозонада калышын кааларын, бирок Грецияны куткарууга караганда бирдиктүү валютаны сактап калууга артыкчылык берерин айтты.
Бир нече күн мурун грек өкмөтүнүн башчысы Георгий Папандреу европалык жардам боюнча маселе референдумга коюларын жарыялап, Евробиримдик лидерлеринин катуу ачуусун келтирип, глобалдуу финансылык рыноктордун көрсөткүчтөрү төмөндөгөн.