Кубада кыймылсыз мүлктү сатууга жана сатып алууга уруксат берилет. Андай соодага коммунисттик революциядан кийин тыюу салынган. Коммунисттик партиянын органы, "Гранма" гезити кечээ жазганына караганда, мыйзамдан Кубада жашаган жарандар жана туруктуу жашоо уруксаты бар адамдар гана пайдалана алышат.
Жаңы мыйзам 10-ноябрдан тарта иштей баштайт. Буга чейин октябрда машинелер менен соода кылууга уруксат берилген. Бирок көпчүлүк чектөөлөрдөн улам кубалыктар жаңы машинелерди сатып алууда дагы эле кыйынчылыктарга туш болууда.