Жеймс Бонд же Агент 007 жөнүндөгү тасманын жаңы 23-сериясы тартылат. Бул тууралуу кечээ жарыяланды. Анын жумушчу аталышы – “Асман ураганда” (Skyfall). Башкы ролду буга чейинки эки сериядагыдай эле британиялык актер Дэниел Крэйг аткарат. Анын атаандашын испаниялык белгилүү актер Хавьер Бардем ойнойт. Тасма Лондон, Шотландия, Түркия жана Кытайда тартылат.