Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:46

Жалал-Абад: Облустук акимчилик алдына 4 боз үй тигилди


Кечээ күндүз үч боз үй тигилгендиги кабарланган. Кечке маал дагы бир боз үй тигилип, боз үйлөрдү акция катышуучуларынын өкүлдөрү өздөрү түнү менен күзөтүштү.

Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Малик Нурдинов билдирди. Анын айтымында, тартип коргоо кызматы коопсуздукту көзөмөлдөп турат. Нааразы тарап кайрадан чогула баштагандыгы кабарланууда. Кечээ облустук акимчиликтин алдында 500дөй адам келген болчу.

Ош шаарынын борбордук аянтында да митинг уланат деген маалымат тароодо.

Жалал-Абад, Ош жана Бишкек шаарларында президенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу талабын койгон акциялар өтүп жатат. Президенттик шайлоодо 16 талапкердин ичинен Алмаз Атамбаев 63 пайыздан ашык, Адахан Мадумаров 15 пайызга жакын, Камчыбек Ташиев 14 пайыздан ашык добуш топтошкон. (EBM)

XS
SM
MD
LG