Аймактагы кабарчыбыз Эркингүл Бокоеванын билдиришинче, Нарын шаарында облустун ар аймагынан келген жаштар үчүн беш күндүк семинар башталды. Анда жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алганды, өзүн өзү башкаруу органдарынын ишине аралашууну, долбоор жазганды үйрөнүшөт. Иш-чараны “Сорос-Кыргызстан” фонду менен Өнүктүрүү саясаты институту колдоп жатат. (EBM)