Бишкекте бүгүн Касымалы Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасында АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (ЮСАИД) 50 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөнүн бет ачары болду. Ага аталган эл аралык уюмдун өкүлдөрү жана алар менен кызматташып жаткан жергиликтүү өнөктөштөр катышты. Көргөзмөгө ЮСАИДдин Кыргызстанда ишке ашырып жаткан долбоорлору чагылдырылган сүрөттөр коюлду. Анда мындай иш-чара жүздөй мамлекетте өтүп жатканы, өлкөлөр арасында ынтымакты бекемдөө багытында кызматташуу улана берери айтылды.
ЮСАИДди 1961-жылы АКШнын ошол кездеги президенти Жон Кеннеди түптөгөн. Аталган уюм Кыргызстанда 18 жылдан бери негизинен айыл чарба, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана экономиканы колдоо багытында жардам берип келет. (EBM)