Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:04

Орусиянын бир катар шаарларында "орус маршы" өттү


Москвада улутчулардардын "Орус маршына" 7миңден 10 миңге чейинки адам катышты. Люблино районунда өткөн акцияга күбө болгон кабарчыбыз Аида Касымалиева баш калаада 5 миңге чукул полиция кызматкерлери менен тик учактар коопсуздукту камсыз кылганын билдирет.

Москвада акцияны уюштуруучулардын бири Константин Крылов кармалып, кайра койо берилди. Бул жолу жүрүшкө чыккандардын арасында таанымал блоггер Алексей Навалный да бар.

Орусиянын алтымышка чукул шаарында акция өтөөрү алдын-ала айтылган.

Бүгүн Орусияда расмий майрам - Элдик биригүүнүн күнү.

XS
SM
MD
LG