Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:23

Үмөталиева күрөө каражатын сот аркылуу кайтарып алууда


Бишкектин Биринчи Май райондук соту президенттикке талапкерлигин коюп өтпөй калган Токтайым Үметалиеванын шайлоо алдында күрөөгө коюлган каражатын БШКнын кайтарып берүүсүн милдеттендирди. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирет. Маалыматты талапкер Үметалиева өзү да “Азаттыкка” тастыктады.

Талапкер Үметалиева күрөөгө коюлган 100 миң сом каражатын БШКдан кайрып алуу боюнча бир нече жолку аракетинен майнап чыккан эмес.

Кечээ Биринчи Май райондук соту БШКга мыйзам чегинде мурунку талапкердин арызын карап, күрөөгө коюлган каражатын кайтарып берүүсүн буйруду.

6-октябрда БШК Үмөталиеваны талапкер катары каттабоо чечимин кабыл алган. (ЕК)

XS
SM
MD
LG