ЕККУ Кыргызстандагы сот системасынын көз карандысыздыгына көмөктөшүү максатында Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрү үчүн семинар өткөрүп, ал кечээ жыйынтыкталды. Бул тууралуу ЕККУнун Бишкек борборунун басма сөз кызматы маалымдайт. Семинарга Эстония, Литва жана Орусиядан келген укук коргоо маселелери боюнча эксперттер, сот иши боюнча адистер, саясатчылар жана Даниянын Жогорку Сотунун мурунку төрагасы Турбен Мелчиор жетекчилик кылышты. Сотторду тандоо кенешинин мүчөлөрү бул семинарда сотторду тандоодо кантип таза жана ачык айкын шайлоону камсыздоо керектиги тууралуу маалымат алышты.
ЕККУнун Бишкек борборунун башчысы, элчи Эндрью Тесорьердун айтымында, Кыргызстанда сотторду тандоо азыркы убакта курч, маанилүү маселелерден болууда. “Бул себептен аталган семинар өз убагында өткөрүлдү жана ал сотторду тандоодо чечүүчү ролду ойной турган эл аралык өрнөктөрдү жайылтуу максатын көздөдү”, - деди ал. (ЕК)