Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда президент Роза Отунбаеванын катышуусунда Кыргыз милициясынын 87 жылдыгы салтанаттуу белгиленүүдө. Отунбаева куттуктоо сөзүндө Кыргызстанда милиция элдик экендигин белгилеп, былтыркы июнь коогалаңында 13 милиция кызматкери курман болуп, 900ү жарадар болгондугун айтып, ал окуяларда жакындарын жоготкондорго мамлекет көмөк көрсөтүп жаткандыгын билдирди.
Ошондой эле президенттин бүгүнкү куттуктоо сөзүнөн былтыркы жылдын апрель айынан бери 127 милиция кызматкери “Манас”, “Эрдик” медалдары менен сыйлангандыгы белгилүү болду. Отунбаева өлкөдөгү оор экономикалык кырдаалга карабастан ИИМди каржылоо дээрлик 60 пайызга өскөнүн айтты. (ЕК)