Бүгүн Кыргызстандын түштүгүндө эртең мененки 09:22да жер титиреди. Анын очогу Баткен шаарынан түштүк-чыгышты көздөй 115 км чакырымдагы Карамык айылына жакын жерде болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан маалымдашты.
Карамык айылында жер титирөөнүн күчү 4, ал эми Дароот-Коргон жана Жар-Башыда 5 баллга жеткени кабарланууда.
Алдын ала кабарларга караганда, зилзаланын курмандыктары тууралуу маалымат жок. (ЕК)
Карамык айылында жер титирөөнүн күчү 4, ал эми Дароот-Коргон жана Жар-Башыда 5 баллга жеткени кабарланууда.
Алдын ала кабарларга караганда, зилзаланын курмандыктары тууралуу маалымат жок. (ЕК)