Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:15

Сирия АКШны сынга алды


Вашингтондун сириялыктарды мунапыс сунуш эткен бийликке келип бербөөгө чакырганын расмий Дамаск Сириянын ички ишине одоно кийлигишүү деп баалады. Сириянын САНА мамлекеттик кабар агенттиги ошондой эле Вашингтонду Сириядагы террорчул топторду каржылап жатат деп жазды. АКШнын Мамдепартаментинин маалымат катчысы Виктория Нуланд кечээ сириялык демонстранттарды президент Башар ал-Асаддын режимине баш ийип бербөө тууралуу кеңеш берген эле. Араб Лигасы тынчтык планын сунуш эткен, ошого карабастан жума күнү өкмөттүк күчтөрдүн чабуулунда дагы 20дан ашык киши өлтүрүлгөнү кабарланууда.

XS
SM
MD
LG