Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:18

Кытайлык кыргыз айым жазган алгачкы роман жарык көрдү


“Кызыл-Суу» басмасында жаш акын, журналист, жазуучу Гүлзыйа Валий кызынын «Мунарык таң» аттуу романы басылып чыкты. Буга чейин кытайлык кыргыз аялдарынан эч кимдин романы жарык көргөн эмес. Бул тууралуу "Азаттыкка" кытайлык блоггер Бектур Иляс билдирди.

- Гүлзыйа Валий кызы 1976-жылы 27-фервалда Кытай Респубиликасынын Иле Казак аптоном областынын Шаты кыргыз айылында жарык дүйнөгө келген. 1995-жылы «Шинжаң кыргыз адабийаты» журналында жарык көргөн «Тагдырдын тартуусу» аттуу аңгемеси менен чыгармачылыктын босогосун аттаган.

Андан бери ондон ашуун аңгеме, 300 дөн ашуун ыр жана радио дырамалардын аптору болууга жетишти. Айрым ырлары кытай тилине которулуп, жарык көргөн жана "Кыргызыстан" басма сөздөрүндө да жарыяланган.


Гүлзыя Валий кызынын «Барса келбес» деп аталыштагы экинчи романы басмага даярдалып жатканын Бектур Илияс кошумчалады.

XS
SM
MD
LG