Сириялык укук коргоочу уюмдун маалыматына ылайык, өлкө боюнча өткөн демонстрацияларда бүгүн Хомс шаарында үч, Хама шаарында бир киши атылды. Араб Лигасынын жетекчиси Набил ал-Араби кечээ Сирия лиганын өткөн шаршембидеги тынчтык планын кабылдабаса, абал көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн деп эскерткен. Бул күнү Сирияда өкмөткө каршы демонстрацияларда кармалган 550дөн ашык киши бошотулган, бирок кагылыштарда аз дегенде он кишинин каны төгүлгөн эле.