Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:49

“Таза шайлоо” тизме боюнча прокуратурага кайрылат


Кыргызстандагы “Таза шайлоо” ассоциациясы президенттик шайлоодо көпчүлүк адамдардын тизмеге кирбей калганын эске алып, тизмени тактатуу максатында Бишкектеги Биринчи май райондук прокуратурасына кайрылганы турат. Бул тууралуу “Азаттыкка” ассоциациясынын жетекчиси Айнура Усупбекова кабарлады:

“Анткени БШК шайлоо бүткөндөн кийин тизмени тактайбы же тактабай ошол бойдон калтырып коёбу - ким билет? Ошондуктан прокуратура тизмени тактасын деп буйрук бериши керек",- деди Айнура Усупбекова.

Маалыматка ылайык, “Таза шайлоо” ассоциациясы буга чейин Биринчи май райондук сотуна кайрылган. Бирок сот конкретүү адамдарга тиешелүү укук бузууларды гана териштире турганын билдирип, прокуратурага кайрылууну сунуштаган.

30-октябрда өткөн президенттик шайлоодо жарандардын тизмесине байланыштуу маселелер басымдуулук кылган. БШК болсо, шайлоодон кийин деле тизмелерди тактоо улана берерин ачыктаган болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG