Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:25

Өкмөт балдар үйлөрүн министрликтердин кароосуна берет


Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов 6-ноябрда Бишкектеги дүлөй балдардын мектеп-интернатынын жана ата-энеси таштап кеткен ымыркайлар үйүнүн абалы менен таанышты. Анда мүмкүнчүлүгү чектелген жана кароосуз калган балдарга камкордук күчөтүлүшү керектигин айтып, мындай жайларды министрликтерге, мекемелерге бекитип берип, алардын такай көзөмөлүндө болушу зарылдыгын белгиледи. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Дүлөй балдардын мектеп-интернаты 1934-жылы ачылган. Азыр бул жерде Кыргызстандын бардык жагынан келген 345 бала билим алат. (EBM)

XS
SM
MD
LG