Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:36

Жаш активисттер шайлоо протоколдору боюнча прокуратурага кайрылды


Жаштардын “Ойлоном. Добуш берем. Келечек бар” өнөктүгүнүн өкүлдөрү өздөрүнүн байкоочуларынын айрым протоколдору менен Борбордук шайлоо комиссиясынын протоколдору дал келбей калганына байланыштуу Башкы прокуратурага кат жолдоду. Анда териштирүүнүн натыйжасында мыйзам бузуулар аныкталса, кылмыш иш козгоп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу өтүнүчү айтылат.

Бир катар жаштар уюмдары “Ойлоном. Добуш берем. Келечек бар” кампаниясынын алкагында шайлоо маалында бир топ иш-чараларды өткөргөн болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG