Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:54

Лавров Иранга каршы чабуулдун арты кооптуу болоорун эскертти


Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Иранга чабуул коюу чоң ката болот деп эскертти:

- Иранга каршы аскерий чаралардын арты күтүлбөгөн, жагымсыз окуяларга алып келиши ыктымал. Ирандын ядролук программасына байланышкан маселе, же дүйнөдөгү башка проблемалар болобу, тынч жол менен гана чечүү керек, - деп комментариялады министр Израилдин президенти Шимон Перестин Иранга каршы куралдуу күч колдонуу ыктымалдыгы жөнүндөгү билдирүүсүн.

Эртең болсо Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик Иранга байланышкан докладын жасайт.

АКШнын маалымат булактары жазышканына караганда, баяндамада Тегеран атомдук курал жасоо багытында олуттуу кадам таштаганы айтылган. Тел-Авив менен Вашингтон Ирандын ядролук ишканаларына сокку урулушу мүмкүн деп көптөн бери эскертип келатышат.

Иран бийлиги ядролук куралдын үстүнөн иштеп жатканын четке кагууда. Президент Махмуд Ахмадинежад Египеттин телеканалына берген интервьюда АКШ жана Израиль Иранга каршы аскерий чара көрүү үчүн эл аралык коомчулуктун колдоосун алууну көздөөдө деп айыптады.

XS
SM
MD
LG