Никарагуада марксист согушкерлердин мурдагы лидери Даниэл Ортега 3-ирет президенттикке шайланды. Кечээки добуш берүүдө, алдын ала маалыматтарга караганда, ага шайлоочулардын 66 проценти ишеним көргөздү. Ортега бийликте турган соңку 5 жыл экономикалык өсүш менен коштолду. Өлкөгө кошуна Венесуэланын социалист президенти Уго Чавес финансылык жардам берип келатат. Жогорку сот президенттикке 2-мөөнөт катары менен ат салышууга болбойт деген чектөөнү алып салгандан кийин гана Ортега шайлоого катыша алды. Сотту президенттин Сандинист партиясы көзөмөлдөйт. Сынчылар Ортега Чавестей болуп, бийликте түбөлүккө калгысы бар деп күнөөлөшүүдө. Сандинист козголоңчуларынын мурдагы кол башчысы 1985-1990-жылдары президенттик кызматты аркалаган. Ал кансыз согуш маалында АКШнын оппонентти катары белгилүү болчу.