Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:39

Казакстан ШКУнун резервдик фондун түзүүнү сунуштады


Казакстан Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында резервдик фонд, же банк түзүүнү сунуштады. Казак премьер-министри Карим Масимов уюмдун өкмөт башчыларынын Санкт-Петербургдагы жыйынында билдиргендей, анда дүйнөлүк экономиканын абалы кескин начарлап кеткенде пайдаланчу резервдик капитал сакталмакчы.

Орус премьер-министри Владимир Путин болсо жыйын катышуучуларына кайрылып, уюмду дүйнөлүк экономика жана эл аралык коопсуздук маселелеринде лидер топко айландыруу үчүн чогуу аракет көрүүгө үндөдү.

10 жыл илгери түптөлгөн уюмга Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан кирет. Байкоочу макамы ыйгарылган Монголия, Индия, Иран менен Пакистан уюмга кошулууну көздөшүүдө.

XS
SM
MD
LG