Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:53

ЕККУ байкоочулары ушул аптада ишин корутундулайт


Кыргызстанда президенттик шайлоону байкоого алган ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктарын боюнча бюросунун байкоочулар миссиясы ушул аптанын этегинде ишин жыйынтыктайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” медиа өкүлү Иван Годарскийдин билдирди:

“Биз эми акыркы баяндаманын жана сунуштардын үстүндө иштей баштайбыз. Жыйынтыктоочу отчет кеминде жети жумадан кийин даяр болуп калат”,-деди Иван Годарский.

Кыргызстандагы шайлоого ЕККУ/ДИАУБ миссиясынын 400 чукул байкоочусу көз салган. Шайлоонун эртеси бул миссия добуш берүү негизинен жаңы мыйзамдар менен, ЕККУнун мурда-кийин берген сунуш-кеңештерин эске алып өткөрүлгөнү айтып, бирок айрым эл аралык талаптарга жооп бербеген көрүнүштөр болду деп билдиришкен. (KKs)

XS
SM
MD
LG