Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:11

Бүгүн репрессия курмандыктары эскерилет


Бүгүн Бишкек четиндеги “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде 1937-1938-жылдары массалык репрессиянын курмандыктарына арналган митинг-реквием өткөрүлөт. Иш чаранын уюштуруучусу “Алаш-Ордо” партиясынын мүчөсү Уларбек Бакырдинов “Азаттыкка” кабарлашкандай, иш-чарага катышууну каалагандар Бишкектеги Ала-Тоо аянтынан саат 15:00дө комплекске жөнөп кетишет. Андан соң кечке жуук кайрадан Бишкектеги борбордук аянтта флэш-моб өткөрүлөт. Ондогон улан-кыздар “137” деген сан окулгандай кылып аянтка тизилишет. Репрессияда курман болгондордун аты окулганда тизилген ар бир адам шам жагып турат. 9-ноябрда репрессия курмандыктарына арналган тегерек үстөл өткөрүлмөкчү.

«Эл душманы» жарлыгы тагылган кыргыз элинин 130дан ашык чыгаан уулдары, тунгуч агартуучулары 1938-жылы 5-7-8-ноябрь күндөрү атылып, алардын сөөгү Бишкектин өйдө тоо этектеги Чоң-Таш айылына жамаатташ чуңкурга чогуу көмүлгөн. Андан элүү үч жылдан соң табылган маркумдардын сөөгү 1991-жылы кайра жерге берилип, «Ата-Бейит» деп аталып калган. (KKs)

XS
SM
MD
LG