Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:15

Эмки президент жаңы жылга чейин ишке кирүүгө тийиш


Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин Жогорку Кеңештеги толук ыйгарым укуктуу өкүлү Данияр Нарымбаев кабарлады. Анын айтымында, 2010-жылдын 27-июнунда кабыл алынган Конституцияны ишке ашыруу жөнүндөгү мыйзамда азыркы президент Роза Отунбаеванын ыйгарым укуктары ушул жылдын 31-декабрына чейин аяктары белгиленген. Ага чейин жаңы президент кызматына кириши керектиги айтылган.

Ал эми шайлоо мыйзамына ылайык БШК шайлоодон кийин 20 календардык күндөн кечиктирбей добуш берүүнүн расмий жыйынтыгын чыгарууга тийиш. Расмий жыйынтык жарыялангандан баштап 30 күн ичинде жаңы президенттин инаугурациясы өткөрүлүүгө тийиш. (KKs)

XS
SM
MD
LG