Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:01

Майкл Жексондун өлүмүнө жеке дарыгери себептүү деп табылды

Дүйшөмбүдө Лос-Анжелес шаарында атактуу ырчы Майкл Жексондун жеке дарыгери Конрад Мюррей ырчынын абалын билип туруп туура эмес чара көргөн деген негизде айыптуу деп табылды.

58 жаштагы Мюррей 4 жылга чейин эркинен ажыратылып, ага дарыгерлик ишин улантууга биротоло тыюу салынышы мүмкүн. 29-ноябрда сот өкүмүн угузат. Ага чейин Мюррей тергөө абагында кармалат.

«Поп-музыканын падышасы» Майкл Жексон 2 жыл мурун 29-майда 50 жаш курагында акыл-эске өтө катуу таасир эткен дарыларды кабыл алгандан кийин көз жумган.
XS
SM
MD
LG