Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:24

ЕС: Грек лидерлерин реформаларды жүзөгө ашырууну тастыктоого чакырды


Грекиянын жаңы коалициялык өкмөтүнө кире турган негизги партия лидерлери өлкөдө экономикалык реформаларды улантарын, ал үчүн ушул айдын аягына чейин тыштан каржылык колдоо аларын кат жүзүндө тастыктоосу керек. Бул тууралуу Евроаймактын каржы министрлери кирген топтун жетекчиси Клод Юнкер билдирди.

Дүйшөмбүнүн кечинде Брүсселде Евробиримдиктин каржы министрлери Грекияга эл аралык көмөктүн жаңы пакетин берүүнү талкуулашты.
Ал ортодо Грекиянын негизги саясий партиялары жаңы коалициялык өкмөттү жетектей турган премьер-министрликке талапкерди аныктаганы маалым болду.

Мамлекеттик NET телеканалы жаңы өкмөт башчы менен кабинет мүчөлөрүнүн ысымдары шаршембиде жарыялана тургандыгын кабарлады. Ага чейин учурдагы премьер-министр Георгис Папандреу менен башкы оппозициялык партияныны лидери Антонис Самарас сүйлөшүүсү керек.

XS
SM
MD
LG