Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:17

Тажикстанда орусиялык учкучтарга айып угузулат


Бүгүн Хатлон облустук соту мамлекеттик чек араны бузгандыгы үчүн кармалган орусиялык авиакомпаниянын эки командирине Орусия жана Эстониянын жарандыгын алып жүргөн Владимир Садовничий менен Алексей Руденкого айыбын угузат.

Мамлекеттик айыптоочу алардын ар бирин 13 жылдан эркинен ажыратууну соттон суранды.

Учкучтар болсо коюлган айыптарга макул эмес.

"Rolkan Investment Ltd" компаниясына тиешелүү Ан-72 учагы Кабулдан кайтып келатып, Тажикстандын Курган-Төбө шаарынын аба майданына учакка май куюуга конгон. Учкучтардын айтымында, бул тууралуу «Тажик авиация» менен оозеки макулдашуу болгон.

Учак аба майданына конгондон кийин учкучтар камакка алынып, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өттү, эл аралык учуулардын эрежесин бузду, аткезчилик деген негизде айып тагылган.

XS
SM
MD
LG