Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда 10-ноябрда кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкты тапшыруу аземи өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жаштар иштери боюнча министрликтин маалымат катчысы Нуржан Найзабекова билдирди. Анын айтымында, 11 адамга 2009-2010-жылдары искуство, спорт, экономика, бизнес жана меценанттык ишмердүүлүк, журналистика жана башка тармактарга сиңирген эмгектери үчүн 11 аталыштагы сыйлыктар берилет. (EBM)