Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:16

Шашылыш кабар: аба ырайы кескин өзгөрөт


8-9-ноябрдан баштап Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт. Жамгыр жаап, өрөөндүү райондордо карга айланат. Тоо этектеген аймактарда жана тоолордо кар түшөт. Зым, бактарга муз тоңуп, жолдор тайгак болот. Өрөөндүү аймактарда абанын температурасы 0... -5 градуска чейин төмөндөйт.

9-ноябрда Кыргызстанда маал-маалы менен кар жаайт, айрым жерлерге калың кар түшөт. Зымдарга жана бактарга муз тоңот, тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы Ысык-Көл ойдуңунда секундасына 19-24 метрге жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -5…10, күндүз -4…+1 градус жылуу. Талас облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5 градус суук. Баткен облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 10…+5 градус жылуу. Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз +1…+6 градус жылуу. Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…-7, күндүз -1…+4 градус жылуу. Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…-5 градус суук.

Бишкекте 9-ноябрда маал-маалы менен кар жаайт. Зымдарга жана бактарга муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -6.. -8, күндүз 0... -2 градус суук болот. (EBM)

XS
SM
MD
LG