Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:19

"Ата-Бейитте" репрессия курмандыктары эскерилүүдө


Ушу тушта Бишкектин четиндеги “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде 1937-1938-жылдардагы саясий репрессиянын курмандыктарына арналган митинг-реквием өтүп жатат. Иш-чараны “Алаш-Ордо” партиясы уюштурууда. “Ата-Бейиттен” келгенден кийин жаштар Бишкектеги борбордук Ала-Тоо аянтында флэш-моб акциясына чогулуп, "137" деген сан окулгудай кылып тизилишет, шамдар жагылат.

1937-38-жылдары "эл душманы" аталган 130дан ашуун адам атылып кетишкен болчу. Алардын сөөктөрү азыр “Ата-Бейит” деп аталган жердеги чуңкурда тобу менен көмүлүп, кийин табылган. Алардын арасында ошол кездеги кыргыз интеллигенциясынын чыгаан өкүлдөрүнүн бир тобу бар. (EBM)

 

XS
SM
MD
LG