Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:21

Кадыржан Батыров Швециядан баш паанек алды


Бул тууралуу Кыргызстанда былтыркы июнь окуяларында сепаратисттик ураандары менен элди кайраштырган деп айыпталып, издөө жарыяланган Кадыржан Батыров “Азаттыктын” өзбек кызматына билдирди. Ал буга чейин Украинада убактылуу баш калкалап жүргөнүн, Кыргызстандагы сот чечиминен соң Швеция тез арада башпаанек берүүгө макул болгонун айткан. Жакында Жалал-Абад шаардык соту Батыровду өмүр бою эркинен ажыраткан өкүм чыгарган эле.

Кыргызстандын башкы прокуратурасынан болсо Батыровдун саясий баш паанек алган-албагандыгы боюнча маалымат жоктун бүгүн "Азаттыкка" билдиришти. (EBM)

XS
SM
MD
LG