Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:25

К. Батыров: Шайлоо Кыргызстандын мыйзам жолуна түшүшүнө жол ачат


"Азаттыктын" өзбек кызматына берген маегинде Кадыржан Батыров "Кыргызстандагы президенттик шайлоо өлкөнүн мыйзам жолуна түшүшүнө жол ачат" деген үмүтүн билдирди.

Өзбек жамаатынын Швециядан баш паанек алган жол башчысы Кыргызстандагы өзүн өмүрүнүн аягына чейинки мөөнөткө сыртынан кескен сотту "саясий процесс" деп баалап, буларды кошумчалады:

- Кыргызстанда жаңы президент июн коогасы боюнча эл аралык комиссиянын бүтүмүнө олуттуу мамиле жасашы керек. Бул өлкөнүн мыйзамдын үстөмдүгүнө кайтып келүүсүнө карай алгачкы олуттуу кадам болуп калат.

Кадыржан Батыровду Жалал-Абад шаардык соту июн окуяларында сепаратисттик ураандары менен улуттар аралык жаңжалга шыкакчы болгон деп таап, өмүрү өткөнчө эркинен ажыраткан. Батыров «ушул өкүм Швецияны мага чукул баш паанек берүүгө түрттү» деп ырастады.

Укук коргоочу Хюман Райтс Уотч уюму өткөн аптада Кыргызстанда жаңы президенттин шайланышы өлкөнү былтыркы июн коогасынан бери кеңири көрүнүшкө айланган адам укуктарынын бузулушун токтотууга жол ачып жаткандыгын жазган.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Батыровдун скандинав өлкөсүндө саясий баш паанек алгандыгы тууралуу маалыматты "Азаттыкка" тастыктай алган жок. JCH

XS
SM
MD
LG