Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:13

Ысык-Көлдө маңзат кылмыштарынын саны 233кө жетти


Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жыл башынан бери облуста маңзаттарына байланыштуу 233 факт катталды. Алардын 208и маңзаттарды сактоо, 18и аларды өстүрүү болуп саналат. Жалпысынан жыл башынан тарта 202 килограммдан ашык маңзат кармалган. Ысык-Көл облусунун айрым аймактарында табигый түрдө кара куурай өскөндүктөн, буга чейин бир нече ирээт бул өсүмдүктү жок кылуу боюнча операциялар уюштурулган. (MK/KKs)

XS
SM
MD
LG