Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:26

Грекия: Премьер-министрдин талапкерлигин талкуулоо уланууда


Кызматтан кетип жаткан премьер-министр Георгиос Папандреу менен башкы опозициялык партиянын лидери Антонис Самарас кеңешүүлөрдү жүргүзүүдө.

Өкмөт башчылыкка талапкерлердин ичинен Борбордук Европа банкынын мурдагы вице-президенти Лукас Пападемостун бул кызматка келери айтылууда.

«Биримдиктин өткөөл өкмөтү» деп аталган коалициялык өкмөттүн негизги максаты өлкөнү экономикалык кыйроодон сактап калуу жана ал үчүн Евробиримдик менен Эл аралык валюта корунун 130 миллиард евро көмөгүн алуу.

XS
SM
MD
LG