Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:18

Мадумаров үчүн добуш сатып алуу боюнча сот иши токтотулду


Президенттикке талапкер Адахан Мадумаров үчүн добуш сатып алууга аракеттенген деп шектелген жаранга карата сот иши токтотулду. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди.

Светлана Моисеева аттуу айым Шермамат Сатыбалдиев ага 500 сом бергенин айтып, Чүйдүн Аламүдүн райондук сотуна 30-октябрда кайрылган. Териштирүү учурунда Сатыбалдиевдин күнөөсү жоктугу аныкталды.

Президенттик шайлоо 30-октябрда өттү. Ага катышкан талапкер Адахан Мадумаров добуш берген шайлоочулардын 14,77 пайызынын колдоосуна ээ болгонун БШК билдирет. Шайлоонун жеңүүчүсү Алмазбек Атамбаев болду. (RK)

XS
SM
MD
LG