Орусиялык ишкер Евгений Чичваркин Кыргызстандын мурдагы президентинин уулу Максим Бакиев учурунда анын 200 000 долларын тоноп алганын айтып чыкты.
Орусиялык Forbes.ru сайтында 6-ноябрда “Евгений Чичваркиндин беш катасы” аттуу макала чыкты. Анда “Евросеть” ишканасынын мурдагы ээси Евгений Чичваркин ишкананын филиалдарын башка өлкөлөрдө ачуу ката болгону, айрыкча Кыргызстанда Максим Бакиев 200 000 долларга тоногону тууралуу да айткан.
“Азаттыкка” маегинде ал “Бакиевдердин үй-бүлөсү ушинтип көзөмөлдөшчү, өздөрүн ааламдын кожоюндарындай сезчү. Кыргызстанга иштейм деп келген бардык ишканалардан ушул жол менен акча өндүрүшчү. Эгер кокустан Максим Бакиев мени жалаа жабып атат деп айыптагысы келсе, анда сотто жолугалы”, - деди.
2006-жылы Чичваркин Орусиянын Ички иштер министрлиги менен чатакташа кетип, ага каршы кылмыш иштери козголгон. 2008-жылы Чичваркин жана анын кызматташы ишкананы сатып, Орусиядан чыгып кеткен. 2011-жылы Чичваркинге каршы кылмыш иштери жабылган, бирок Чичваркин дагы деле Лондондо жашайт. (AiK/RK)