Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад Алмазбек Атамбаевди Кыргызстандагы президенттик шайлоодо жетишкен жеңиши менен куттуктады. Ирандын башчысы мындан ары да эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык мамилелер бекемделе берээрине ишенээрин айтты. 30-октябрда өткөн шайлоодо Атамбаев добуш бергендердин 63 пайыздан ашыгынын ишеничине ээ боло алды. (RK)