Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:33

Бишкектин айрым көчөлөрү электр энергиясы жок калышты


Аба ырайынын кескин өзгөргөнүнөн улам Бишкектин айрым жерлеринде электр энергиясы авариялык тартипте өчүрүлдү. Бул тууралуу "Түндүкэлектро" ишканасынан билдиришти. «Кызыл-Аскер» подстанциясынан кетүүчү кабелдик зым жабыркап, учурда аны оңдоо иштери жүрүп жатат. Патрис Лумумба, Кустанайская көчөлөрү, Чоң Чүй каналы жана Дэн Сяопин проспектинин чектешкен жеринде учурда электр жарыгы жок. Авариялык өчүрүүлөр "Дордой" базары жана тери заводунун тегерегинде да жүргүзүлдү. Кечээ Бишкекте аба ырайы кескин өзгөрүп, кар жаай баштаган. (RK)

XS
SM
MD
LG