Италиянын премьер-министри Силвио Берлускони эрте шайлоого катышпай турганын билдирди. Кечээ ал парламент экономиканы реформалоо долбоорун кабыл алса, кызматынан кетерин айткан. Реформалар карыз кризисин алдын алуу үчүн зарыл. Парламенттин эки палатасы тең долбоорду келерки апталарда карамакчы. Берлускони жетектеген бийликтеги партия кезексиз шайлоо өткөрүүнү жактаса, оппозиция улуттук биримдик коалициясын түзүүнү талап кылууда. Президент Жоржио Наполитано болсо жаңы бюджеттик план жактырылгандан кийин гана партиялар менен консультацияларды баштарын айтты. Саясий бейстабилдүүлүк Италиянын карыз боюнча проценттерин бүгүн да көтөрүп жиберди.