Грециянын премьер-министри Георге Папандреу улуттук биримдик өкмөтүн талкуулоо максатында президент Каролос Папулиас менен жолукканы жатат. Анын алдында Папандреу министрлерден кызматтарынан кетүү арыздарын даярдап турууну өтүнгөн. Грециянын негизги саясий партияларынын лидерлери дүйшөмбүдөн бери жаңы коалициялык өкмөттү ким жетектерин чече албай келатышат.
Февралдагы парламенттик шайлоого чейин иштей турган кабинетке Евробиримдик менен Эл аралык валюта фондунан алынчу карыз боюнча маселелерди жөндөө озуйпасы жүктөлөт.
Жаңы коалиция боюнча мунасанын табылбай жатышы Афины биржаларындагы көрсөткүчтөрдүн кескин төмөндөшүнө алып келди.