Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Өкмөт: Кышында жарык өчүрүлбөйт


Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов Энергетика министрлигине кышында калкты жарык жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу тапшырмасын берди. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Бабанов электр станцияларында оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, пландык өчүрүүлөр белгиленсе, калкты алдын ала кабардар кылуу керектигин билдирди.

Энергетика министринин орун басары Автандил Калмамбетов бул жылы Токтогул суу сактагычындагы суу жетиштүү экенин белгилеп, Кыргызстанда кыдырата өчүрүүлөр болбой турганын “Азаттыкка” кабарлаган. Бирок, тургундар электр энергиясын көп колдоно турган болсо, айрым жергиликтүү подстанцияларга күч келиши мүмкүндүгүн эскерткен. (KKs)

XS
SM
MD
LG