Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:16

Бүгүн Айтматов атындагы жаштар сыйлыгы тапшырылат


Бүгүн Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыгын тапшыруу аземи болот. Жаштар иштери боюнча министрликтен “Азаттыкка” кабарлашкандай, бул аземде 2009-2010-жылдары искусство, спорт, экономика, бизнес жана меценанттык ишмердүүлүк, журналистика өңдүү тармактарга сиңирген эмгектери үчүн 11 аталыштагы сыйлыктар ыйгарылат. Бул жолу жалпысынан 142 эмегек тапшырылып, атайын түзүлгөн комиссия он бир адамды тандап чыкты.

Чыңгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыгы өкмөттүн 2000-жылдын 23-августтагы токтому менен негизделген. Былтыр бул сыйлык “Азаттык+” теледолбооруна 2007-2008-жылдагы иштери үчүн ыйгарылган болчу. Бүгүн, 10-ноябрда Кыргызстанда Жаштар жана илим күнү белгиленүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG