Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:13

Дамаск шаарында бери дегенде 8 киши өлтүрүлдү


Сириянын баш калаасында коопсуздук күчтөрү президент Башар Асаддын бийлигине каршы чыккан демонстранттарга ок чыгарганда кеминде 8 киши өлдү. Мындай маалыматты жергиликтүү активисттер тастыктады.

Сириянын Хама жана Хомс шаарларында куралдуу кагылышуулар уланууда. Оппозициянын тарбына өтүп кеткен мурдагы аскерлер өкмөттүк күчтөр менен кармашууда. 8 киши өлгөнү маалымдалды.

Араб өлкөлөрүнүн лигасы (АӨЛ) Сирядагы соңку кырдаалга байланыштуу чукул жыйынга камынууда. Жыйын 12-ноябрга белгиленген. Шаршембиде Каирде АӨЛ өкүлдөрүнө жолугууга келген сириялык коппозиция мүчөлөрү жүздөй радикалдардын чабуулуна кабылды. Алар оппозиционерлерди Асаддын бийлиги менен келишим түзүүгө барып жатат деп айыптады.

ФӨЛ башчысы Набил ал-Араби менен сириялык оппозициянын бир гана өкүлү жолуга алды.

XS
SM
MD
LG