Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:16

Петербургда «Баарына каршы добуш бер» акциясы башталды


«Ууру бийликке крест кой!», «Баарына каршы добуш бер!» деген ураан менен башталган акциянын алгачкысы 9-ноябрда өткөнүн «Азаттыктын» орус кызматы билдирет.

Мындай иш чараны «Тилектештик» кыймылынын Питердеги бөлүмү баштады. 9-ноябрда уюмдун активистери шаардын ар кайсы метролорунда «Путин. Жыйынтыктар» жана «Путин.Коррупция» деген китепчелерди таратышты.

«Тилектештик» кыймылынын лидери Ольга Курносова акциянын негизги максаты «4-декабрда өтө турган шайлоолор таза жана адилет эместигин, анда оппозиция катышпай тургандыгын элге түшүндүрүү. Ар бир жаран шайлоого активдүү катышып, бюллетенди алып, каршы-терши чийип салуусу керек» деп эсептейт.

Уюштуруучулар акция 4-декабрдагы шайлоого чейин улана тургандыгын билдирет.

XS
SM
MD
LG