Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:05

Киевде Ю.Тимошенконун доо арызы 13-декабрда каралат


Киевдин соту мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенко Печерск райондук сотунун өкүмүнө каршы жазган доо арызын 13-декабрда карай турган болду.

Тимошенконун адвокаттары доо арыз Киев шаардык сотуна берилгендигин билдирет.

Экс-премьер-министр Тимошенко украин өкмөтүн жетектеп турганда Орусия менен газ келишимин түзүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталган. Киевдин Печерск райондук соту ага 7 жыл эркинен ажыратылсын деген чечим чыгарган.

Мурдагы премьер-министр болсо коюлган айыпка макул эмес жана соттун өкүмү саясий мүнөздө деп эсептейт. Мындан бир нече күч мурун камактагы Тимошенконун үстүнөн дагы 4 кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG