Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:06

Түркия: Вандагы зилзалада кеминде 7 киши набыт болду


Түркиянын түштүгүндөгү зилзалада кеминде 7 киши набыт болуп, ондогон адамдар урандылардын алдында калды. Бийликтер набыт болгондордун саны өсүшү мүмкүн деген кооптонууну билдирүүдө.

Ван шаарында жашаган кыргыз улутундагы Сейфулла Туфар бейшембинин таңында "Азаттыкка" буларды айтты:

- Жер бир аптадан бери эле майда термелип жатат. Кечээкиси катуу болду. Баарыбыз үйдөн тышка чыга качтык. Ван шаарынын ичинде бир канча имараттар кулады деп уктук. Бири мейманкана, калганы үйлөр экен. Өзүм ал жакка бара алганым жок. Кыргыздар аман-эсен, үй-жайлары бүтүн. Бирок коркконунан эч ким үйгө кире албайт.

Шаршембинин кечинде Рихтер шкаласы боюнча күчү 5,7 баллга жеткен жер титирөөнүн очогу Ван шаарынан 15 чакырым аралыкта катталды. 20дан ашуун үй-жай жарактан чыкты, Ван шаарында 2 мейманкана, 5 үй бузулду. Башка райондордо 14 имарат жабыркап, уранды басып калган 20дан ашуун киши бошотулду.

23-октябрда Ван өрөөнүндө болгон зилзалада 600гө чукул адам набыт болуп, жүздөгөн киши үй-жайсыз калган.

XS
SM
MD
LG