Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:04

Отунбаева: Инаугурация жыйынтык жарыялангандан кийин 30 күн ичинде өткөрүлөт


Жаңы мамлекет башчысынын инаугурациясы президенттик шайлоонун расмий жыйынтыктары чыккандан кийин 30 күн ичинде өтөт. Бул тууралуу президент Роза Отунбаева «Биринчи радиого» интервьюсунда айтты. Президенттин билдиришинче, учурда БШК айтылып жаткан нааразычылыктар боюнча түшүндүрмөлөрүн берип жатат. Роза Отунбаева эл аралык коомчулук өткөн шайлоого жогору баа бергенин, эл аралык байкоочулар шайлоо таза, ачык-айкын жана демократиялык нукта өткөнүн айтып жатышканын белгиледи. Президенттик шайлоо Кыргызстанда 30-октябрда өттү. Анын жеңүүчүсү катары шайлоочулардын 63 пайыздан көбүнүн добушун алган Алмазбек Атамбаев аталууда. (RK)

XS
SM
MD
LG