Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:31

Президент белекке алган буюмдарын Тарых музейине өткөрүп берди


Мамлекет башчысы Роза Отунбаева Кыргызстандын президенти катары белекке алган буюмдарынын баардыгын Бишкектеги Тарых музейине өткөрүп берди. Бул тууралуу ал "Биринчи радиого" интервьюсунда айтты.

“Бул белектер Кыргызстандын президентине берилген жана элге тиешелүү. Биз тарых музейине атайын бөлүм ачып, ошол жерге белектерди көргөзмөгө койдук. Кызыгы, ар бир өлкөдө мындай белектерди сатып алууга атайын лимит белгиленген. Айталы, Америкада бул максатка 60 доллардан ашпаган гана каражат жумшалат”, - деди Роза Отунбаева.

Роза Отунбаева 2010-жылдын 7-апрелинен бери өлкөнү жетектеп келатат. Өткөөл мезгилдин президенти катары анын кызматтык мөөнөтү ушул жылдын соңунда аяктайт. (RK)

XS
SM
MD
LG