Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:24

Президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы ушул күндөрү чыгышы ыктымал


Борбордук шайлоо комиссиясы арыздарды териштирип үлгүрсө, шайлоонун расмий жыйынтыгын ушул жумада жарыяламакчы.

БШК ушу тушта жүздөн ашуун арызды карап жатканын билдирди. Боршайкомго келген арыздардын басымдуу бөлүгү шайлоочулардын тизмеге кирбей калганына байланыштуу.

БШКнын мүчөсү Жаркын Бапанова арыздар ушул жуманын аягына чейин териштирилип бүтсө, добуш берүүнүн расмий жыйынтыгы жума аягына чейин жарыяланаарын “Азаттыкка”билдирди:

- Жыйынтыгын ушул жумада жарыялаганга үлгүрөбүз го. Эки-үч күндүн ичинде чыгат. Азыр арыздардын баары каралып жатат. Добуш берүүгө байланыштуу талапкерлер арызданып келип жатат, “ал туура эмес, бул туура эмес”, деп. Ошонун баарын карап жатышат. Протоколдордун баары дээрлик келди. Тышкы иштер министрлиги эле калды. Ал да бир-эки күндүн ичинде келет.

Президенттик шайлоо 30-октябрда өткөн. Анын жеңүүчүсү деп Алмазбек Атамбаев аталууда. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG