Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:26

Кыргызстанда айдоочунун күбөлүгү эки эсе кымбаттады


Кыргызстанда айдоочуларга жаңы үлгүдөгү күбөлүктөр бериле баштады. Анын баасы мурдагыдан эки эсе кымбат. Айрым депутаттар бул жерде кимдир бирөөлөр акча жасап жатканын белгилөөдө. Айдоочунун жаңы күбөлүгүн жасоо “Атлас крипт” аттуу компанияга тапшырылган. Расмий маалыматтар боюнча, бул фирма атайын өткөрүлгөн тендерде жеңишке жетип, айдоочулардын күбөлүгүн жасоо укугуна ээ болгон. Өкмөттүн тийиштүү токтомуна премьер-министр Алмазбек Атамбаев быйылкы жылдын март айында кол койгон.Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков “Атлас крипт” күбөлүктү жасоо укугун тендерсиз жеңип алган деп шектенип, баасы кымбат болуп жатканын билдирди. Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын автоунааларды жана айдоочуларды каттоо департаментинин башчысы Абдыбек Дүйшөналиев эки фирманын катышуусу менен тендер өткөрүлгөнүн белгиледи. Азыркы кезде жаңы күбөлүк 12 евро турат. Мурунку “Ала-Бел” фирмасы жасаган күбөлүк 7.5 доллар турчу. (AiT/RK)

XS
SM
MD
LG