Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:40

Тоң районунда жаңы орто мектеп ачылды


Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Шор-Булак айылында жаңы мектеп ачылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» облустук администрациянын маалымат катчысы Назира Муканбетова билдирди. Анын айтымында, бул мектептин имараты эң бат тургузулду. С.Эркинбаев атындагы орто мектеп 192 окуучуга ылайыкташтырып салынган. Курулуш иштерине Ысык-Көл облустук Социалдык өнүктүрүү фондунан 23 миллион сом бөлүнүп берилген. Окуу үчүн керектүү баардык жабдуу бар, спорт залы да салынган. Быйылкы жылы облуста 8 мектептин курулушу башталган. Учурда үчөө аяктап, пайдаланууга берилди. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG